Ссылки доступа

Тажикстанда украин инвесторлоруна байланышкан бир нече долбоор токтоп турат


Раджаббой Ахмадзода
Раджаббой Ахмадзода

Согд облусунун расмий өкүлдөрүнүн кабарлашынча, Орусия менен Украинанын согушу Тажикстан менен Украинанын ортосундагы бир нече биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратты.

Тажикстандын түндүгүндөгү үч чоң шаарда жылуулук системаларын түзүү боюнча долбоор согуштук аракеттерден улам башталбай жатып токтоп калган. Долбоорду абройлуу украиналык компаниялар иштеп чыгышкан жана алар бул долбоорго толугу менен инвестиция салууга даяр болушкан. Ал 2022-жылдын башында башталышы керек эле.

Бул согушунан улам токтоп калган жалгыз долбоор эмес. Украин инвесторлору Зафарабад районундагы суу насостук станциясын калыбына келтирүүгө 60 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестиция салууну пландашкан. Бирок бул долбоорду ишке ашырууга согуш тоскоол болгон.

Согд облусунун расмий өкүлдөрү да, ири шаарларынын тургундары да Украинадагы согуш аяктап, украин адистери баштаган долбоорлор жанданып, тоңуп калган түтүктөргө көптөн күткөн жылуулук келет деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG