Ссылки доступа

West Oil Software: иш таштаган 50 жумушчу менен эмгек келишими жокко чыгарылды


Казакстанда жумушчулары иш таштап, былтыр декабрь айынан бери ишке чыкпай жаткан West Oil Software компаниясы 50 кызматкер менен эмгек келишимин жокко чыгарганын билдирди.

Компания бул чечимин сот жумушчулардын иш таштоосун мыйзамсыз деп тапканы жана өндүрүштү улантуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

"Бошогон орундарга жумушка кирүү үчүн кезекте турган жарандардын арасынан тандап алабыз. Бул ишке орношуу тармагындагы мыйзамдарга каршы келбейт. Иштен алынган жумушчулар жаңылары тандалганга чейин макулдашуу комиссияларынын жардамы менен кайра ишке кайтып келишсе болот", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Өз кезегинде иш таштаган жумушчулар бул боюнча "Власть" басылмасына комментарий берип, иштен алууларга "көнүп калышканын", иш таштоо акциясын токтотпой тургандыктарын билдиришти. Ошол эле маалда алар жумушчуларга маалыматтык басым күчөп жатканын белгилешти.

21-февралда West Oil Software компаниясы жумушчуларга кайрылып, 24-февралга чейин "мыйзамсыз" иш таштоону токтотууга чакырып, болбосо алардын баары менен эмгек келишимдери жокко чыгарыларын билдирген.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil Software мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу былтыр 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны "КазМунайГаз" компаниясынын курамына киргизүүнү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөөнү жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоону талап кылууда.

Казакстандын Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компаниясы жетибайлыктардын алгачкы эки талабын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Сот мунайчылардын бул акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтышкан. Жумушчулар иш таштагандан бери өздөрүнө жана жакындарына карата кысым болуп жатканына даттанышкан. Алардын айрымдары "Сот мыйзамсыз деп тапкан иш таштоого катышууну улантууга түрткөн аракеттер" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында полицияга чакырылган.

West Oil Software — улуттук "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кирген "Маңгыстаумунайгаз" ишканасына транспорттук кызматтарды көрсөткөн мунайсервис компаниясы.

XS
SM
MD
LG