Ссылки доступа

8-мартта аялдар маршын өткөрүүнү талап кылган журналист Алматыда пикетке чыкты


Алматыда журналист Айсулуу Тойшибек 8-марттагы аялдардын жөө жүрүшүн жана митингин колдоп пикет өткөрдү.

Тойшибек Панфилов көчөсүндө, "Жибек жолу" метро станциясынын жанында пикет өткөрдү. Колуна: "Аялдар эмнени каалайт? Аялдар маршты каалайт. Марш болсун" деген плакатты көтөрүп турду. Ал акцияга чыгарын eOtinish порталы аркылуу жергиликтүү бийликке кабарлаганын айтты.

Журналист Алматынын акимине кайрылып, активисттердин жөө жүрүшкө жана митингге чыгуусуна уруксат берүүнү суранган.

Аялдардын укугун коргогон уюмдар 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Казакстандык аялдардын эркиндиги жана коопсуздугу" деген темада жөө жүрүш өткөрүүгө аракет кылышууда. Активисттер Алматы акимчилигине бир нече өтүнмө жөнөтүшкөн. Шаар бийлиги арыздарды четке каккан.

2020-жылы кабыл алынган "Тынч чогулуштар жөнүндө" жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү аткаруу органына акцияга беш жумушчу күн калганга чейин өтүнмө берилиши керек. Укук коргоочулар бул мыйзам эл аралык стандарттарга жооп бербейт деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG