Ссылки доступа

Каза болгон кенчилердин жакындары Токаевден Карагандыга мемориал тургузуп берүүнү өтүндү


Казакстанда былтыр күзүндө Костенко атындагы шахтада каза болгон 46 кенчинин үй-бүлөлөрү өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге ачык кайрылуу жасашты.

Алар мамлекет башчысынан каза болгон кенчилерге арналган мемориал тургузуу маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү жана бул максатта Караганды шаарынын борбордук бөлүгүнөн жер тилкесин бөлүп берүүнү өтүнүштү.

"Шахтанын жетекчилиги мемориал Костенко шахтасынын аймагында болорун айтууда. Биз үчүн жакындарыбыз каза болгон шахтанын аймагында болуу кыйын, ал жакка баргандан кийин көбүнө медициналык жана психологиялык жардам талап кылынат. Мындан тышкары шахта шаардан алыс жайгашкан, ал жакка баруу оңой эмес. Жакындарыбыз баатырларча каза болду деп эсептейбиз жана балдарыбыз менен неберелерибизди аларга арналган мемориалга алып барып турууну каалайбыз. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да кат жазганбыз. Алар Караганды шаарында ансыз деле эстеликтер көп экенин айтышты. Кырсыкта каза болгон жакындарыбыз шаардын борборундагы мемориалга татыктуу эмеспи?", – деп билдиришти видеокайрылуудагы жарандар.

Былтыр 28-октябрга караган түнү Костенко шахтасында жарылуу болуп, 46 кишинин өмүрүн алып кеткен. Ал окуядан кийин Касым-Жомарт Токаев кенди иштеткен "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген. Кендеги кырсыктан көп өтпөй "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы ээлерин алмаштырып, ишкана Qarmet деп аталып калган.

XS
SM
MD
LG