Ссылки доступа

Өзбекстанда абанын булганышы жөнүндө алдын ала маалымат бериле баштайт


Өзбекстанда 1-марттан тарта чаң аралаш бороондун, абадагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн белгиленген нормадан ашкан учурлары аныкталганда калкка алдын ала кабар бериле баштайт.

Бул "Өзбекстан-2030" стратегиясын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программада бекитилген.

Мындан тышкары 1-марттан тарта жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган адамдарга, ошондой эле ышка каршы өтө сезимтал жарандарга керектүү профилактикалык иш-чаралар жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат бериле баштайт.

Мирзиёевдин жарлыгында март айынан баштап 500 чарчы метр курулуш объектилеринде чаң жана кум бөлүкчөлөрүнүн абага көтөрүлүшүнө жол бербөө тапшырмасы да жазылган.

XS
SM
MD
LG