Ссылки доступа

Мурдагы бажычы Карашев абактан чыкты


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкканы белгилүү болду. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.

Соттон анын абактан качан, кандай шартта бошотулганы жөнүндө маалымат берилген жок. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Замирбек Карашев мамлекетке 18 млн сом төлөгөнүн жазышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев өткөн жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Бирок кайсы берене менен айыпталганы айтылган эмес.

Замирбек Карашев бажы тармагында бир нече жогорку кызматтарды аркалаган. “Райым миллион” атыккан бажычы Райымбек Матраимов Ош облустук бажысын башкарып турганда Карашев анын орун басары болгон. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунун бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеп, кийин бул кызматты жетектеген.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкичке жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 2021-жылдын апрелинде аталган кызматтан бошотулган.

2021-жылдын июнь айында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Замирбек Карашевдин байманалуу жашоосу тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажычынын үй-бүлөсүнүн декларацияда көрсөткөн мүлкүнө дал келбеген жашоосу көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG