Сенаттын 20-февралдагы жыйынынан кийин министр Аида Балаева журналисттердин суроолоруна жооп берет деп күтүлүп жаткан. Бирок ал ЖМК өкүлдөрүнүн жанынан өтүп баратып "брифинг жөнүндө ага эч ким айтпаганын, жолугушууга шашып жатканын" билдирди.
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы министрден HRW уюмунун журналист Думан Мухаммедкарим тууралуу билдирүүсү боюнча пикирин суроого жетишкен.
"Мен мындай пикирге кошулбайм. Азыр сот жүрүп жатат. Биз анын ишине кийлигише албайбыз", - деп жооп берди Балаева.
Өткөн жумада HRW казак бийлигин өкмөттү сындагандарды куугунтуктоо үчүн "өтө эле кеңири маанидеги жана ачык эмес" айыптоолорду колдонуп жатат деп айыптаган.
"Астана Казакстандын мыйзамдарындагы "экстремизм" түшүнүгүнүн аныктамасын тактап, бийликти сындагандарды куугунтуктоо үчүн экстремизмге каршы мыйзамдарды колдонууну токтотушу керек. Аларды көз карашын ачык билдиргени же зордук-зомбулуксуз аракеттери үчүн экстремизм айыбы менен куугунтуктоо – адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды бузуу болуп эсептелет", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
HRW мындан тышкары камактагы журналист жана активист Думан Мухамметкаримге "экстремизм" боюнча негизсиз айып тагылып жатканын белгилеп, казак бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырган.
"Казакстандын бийлиги аларды сындап, тынч чогулуу укугун жүзөгө ашыргысы келген көз карандысыз журналист Думан Мухамметкаримдин үнүн басууга аракеттенүүдө. Бийлик Кылмыш кодексиндеги "экстремизм" түшүнүгүн өкмөттү сындагандарга каршы колдонууну токтотушу зарыл. Ушундай эле айып менен активист Марат Жыланбаев да жети жылга соттолгон. Экөө тең тез арада эркиндикке чыгарылышы керек", – деген уюмдун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман.
Журналист, активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкарим өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурат. Ага "Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, ал маекте Мухамметкарим өлкөдөгү саясий окуялар жөнүндө сүйлөгөн.
Журналист бул беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот 12-февралда Конаев шаарында башталды. Судья сотту жабык өткөрүү боюнча прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, отурумга журналисттер киргизилген жок.