Ссылки доступа

БУУ Тажикстанды аялдар үчүн 150 кесипке салынган тыюуну алууга чакырды (видео)


Туз өндүрүү ишканасынын кызматкерлери. Тажикстандын Хатлон облусу
Туз өндүрүү ишканасынын кызматкерлери. Тажикстандын Хатлон облусу

БУУнун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети Тажикстанда кыз-келиндерге ондогон адистиктерде иштөөгө тыюу салынганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун 19-февралдагы билдирүүсүндө комитет бир катар өлкөлөрдөгү, анын ичинде Тажикстандагы абал боюнча өз корутундусун жарыялаганы жазылган. Ал Тажикстандын аялдарды дискриминациялоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенциянын аткарылышы боюнча берген отчетуна негизделген.

Уюмдун эксперттери белгилегендей, Тажикстандын Конституциясындагы аялдардын "жер астындагы жумуштарда жана кооптуу шарттарда иштөөсүнө", 150 кесипти аркалоосуна салынган тыюу кооптонууну жаратат. Алардын айтымында, бул жобо кыз-келиндерди ашыкча коргойт жана гендердик стереотиптерге негизделген.

БУУнун эксперттери тажик бийлигине "эмгек кодексин теңдик жана дискриминацияны алдын алуу жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайыкташтырууну жана аялдар үчүн 150 кесипке салынган тыюуну тез арада алууну" сунуш кылды. Ошондой эле кооптуу шарттарда иштеген бардык жумушчулардын укуктарын коргоого чакырды.

Былтыр жыл соңунда Тажикстан аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган кесиптердин санын 334төн 194кө чейин кыскарткан.

Ага ылайык, тажик кыз-келиндери жыгач уста, бургулоочу, кенчи, бомба жасоочу, сантехник, электрик болуп жана башка ондогон жумуштарда иштей албайт.

"Озоди" радиосу кабарлагандай, жумушсуздук шартында кээ бир кесиптерге салынган чектөө айрым аялдардын абалын кыйындатууда.

XS
SM
MD
LG