Ишкерлер менен эксперттер буга салыктардын жогору экени, коррупция жана ашыкча текшерүүлөр себеп болгонун билдирүүдө.
Душанбенин жашоочусу Исломбек Ёдгоров эки жыл дарыкана иштеткен. Бирок көптөгөн тоскоолдуктардан улам ишин токтотуп, миграцияга кетүүнү чечкен.
"Дарыкана иштетип жүргөнүмдө тоскоолдуктар көп болчу. Бир четинен имараттын ижара акысына, электр жарыгына, сууга жана салыктарды төлөсөм, экинчи жагынан дайыма ар кайсы мамлекеттик органдардан текшерип келе беришчү. Жыйынтыгында бардыгын эсептеп чыгып, дарыкана иштетүү пайдасыз деген чечимге келгем", – деди Ёдгоров.
Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башчысы Султон Рахимзода ишкерлердин азайышынын себептери объективдүү мүнөзгө ээ экенин билдирди.
"Мунун себептери объективдүү мүнөзгө ээ. Каттоодон өтүп, бирок иштебей жүргөн ишкерлер көп экен. Тиешелүү текшерүүнүн жүрүшүндө алар аныкталып, ресстрден өчүрүлгөн. Мындан тышкары өткөн жылы ишкерлердин көбү патент системасынан юридикалык жак катары иштөөгө өтүшкөн", – деди Рахимзода.
2023-жылы Тажикстанда 33 миң жаңы ишкер каттоодон өткөн. Бийлик быйыл жеке бизнес менен инвесторлорго көптөгөн жеңилдиктер каралганын, текшерүүлөрдүн саны 27ден 23кө чейин кыскартылганын билдирүүдө.
Тажикстанда 350 миң ишкерлик субъект бар. Эксперттердин пикиринде, өлкөдөгү бизнес менен инвестициялар олуттуу реформаларга муктаж.
"Жеке ишкерлерге колдоо керек. Акчалай болбосо да салыктан же башка жактан жеңилдиктер сөзсүз зарыл. Булар болгондо ишкерлердин көбү бизнестен кетпейт эле", – деди экономист Фозилжон Фатхуллоев.