Нусратулло Садриддинзода 2023-жылы жазында кармалган. Өткөн аптада Согд облустук сотунун төрагасынын орун басары Журабек Шерзода журналисттерге Садриддинзоданын иши Тажикстандын Жогорку сотунда каралып жатканын билдирген.
«Жогорку соттун чечими менен ал Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин үчүнчү бөлүгүн бузганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал беш жылга эркинен ажыратылды. Азыр эсимде жок, 3000 доллар пара алганы үчүн деп ойлойм», - деди ал.
Мурдараак Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Садриддинзода Согд облусу боюнча 2023-жылы коррупция боюнча айыпталган эң жогорку кызматтагы аткаминер болуп калганын билдирген. Анда ал 23 миң АКШ доллар пара алган деп шектелгени кабарланган.
Согд облустук коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү журналисттерге Садриддинзода эки ишкердин арызынын негизинде пара алып жаткан жеринен кармалганын айтышкан.
Маалыматка караганда, ишкерлер контрабандалык товарларды алып өтүүгө жана жасалма акча жасоого шектелип жаткан. Сот аларга жаза мөөнөтүн кыскартууну убада кылып, пара талап кылган. Бул тууралуу жакындары жана Садриддинзоданын өзү кандай пикирде экени белгисиз.
Тажикстанда акыркы он жылдын ичинде "судьянын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген аракети үчүн" деген жүйө менен 30га жакын судья кызматтан алынып, түрдүү мөөнөттөргө соттолду.
Тажикстанда жалпысынан 443 судья иштейт. Аларды өлкө президенти дайындап, кызматтан алат.