Буга чейин Анора Саркорова “Озоди” радиосуна ушул жылдын 1-февралында апасы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына чакырылып, өзүнө кылмыш иши козголгону кабарланганын билдирген.
Анора Саркоровага кылмыш иши козголгонун “Озоди” радиосунун булактары да ырасташты. Журналисттин айтымында, апасы тергөөчүдөн "Экстремизмге ачык чакыруу, экстремисттик аракеттерди актоо жана экстремизмди үгүттөө" деген берене жөнүндө уккан.
Би-Би-Синин орус кызматынын мурдагы журналисти Анора Саркорова жана анын жолдошу, “Имруз” радиосунун жана ушундай эле аталыштагы басылманын мурдагы редактору Рустам Жони 2022-жылы Бадахшандагы кандуу окуяларды жигердүү чагылдырышкан.
2023-жылдын башында тажик бийлиги Прагада жашаган журналист Рустам Жониге кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Ал “экстремисттик уюмдун ишин уюштурган” деп айыпталууда.