Ссылки доступа

Тажикстандын Эмгек министрлиги: чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын саны азайды


Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги 2023-жылы чет өлкөгө иштегени кеткен эмгек мигранттарынын саны азайганын билдирди.

Мекеме башчысы Гулнора Хасанованын айтымында, былтыр Тажикстандан эмгек миграциясына 652 миң киши чыгып кеткен. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 16% аз.

Тажикстанда эмгек миграциясы боюнча бийликтин статистикалык маалыматтары дайыма талаш-тартыштарды жаратат. Орусиянын бийлиги жыл сайын өлкөгө 1 миллиондон ашык тажик мигранты кирерин билдирсе, тажик бийлиги бул көрсөткүч кыйла аз экенин айтып келет.

Министр эки тараптын маалыматтарынын ортосундагы айырмачылыкты Тажикстан иштөөгө патенти бар жарандарды гана эмгек мигранты деп эсептей тургандыгы менен түшүндүрдү.

Хасанова ошондой эле Орусиядагы мигранттардын укуктары бузулган учурларга тажик бийлиги жетиштүү реакция кылбай жатканы боюнча дооматтарга да жооп берди.

"Орусиянын өзүнүн мыйзамдары, эрежелери бар. Мигранттар ал нормалардын баарын аткарышы керек", – деди Хасанова. Ошол эле маалда Тажикстандын Конституциясында "өлкө сыртындагы тажик жарандары мамлекеттин коргоосунда болору" жазылган.

2023-жылы мигранттар полициянын рейддери менен текшерүүлөрүнө даттанган учурлар кескин көбөйгөн. Социалдык түйүндөргө орус полициячылары тажик мигранттарын сабап, аларга катаал мамиле кылып жаткан учурлар тартылган көптөгөн видеолор жарыяланган.

XS
SM
MD
LG