"Тимурду ур-токмоктон кийинки жаракаты тынчсыздандырууда. Бул кыйноолордун кесепети. Ага тез арада операция жасалышы керек", — деди Сапарханова.
Тимур Данебаевге экинчи жолу операция жасатуу зарыл болуп жатканын анын бир тууганы Марат Данебаев да ырастады.
"Тимурга медициналык жардам керек, кыйноолордон кийин анын ден соолугу оорлошуп кетти. Ал проктологдун жардамына муктаж", — деди ал.
Марат Данебаев түрмө администрациясы Тимурду дарыгерге көрсөтүүнүн ордуна, психолог керектигин айтып, шылдыңдашканын билдирди.
Былтыр 4-сентябрда интернетте түрмө кызматкерлери абактагы жарандык активист Тимур Данебаевди сабап, кыйнап жатканы тартылган видеолор пайда болгон. Кийинчерээк прокуратура бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мыкаачылык, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле, кыйноо" беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталганын маалымдаган.
Жаза аткаруу тутумунун комитети аталган түрмөнүн 11 кызматкерин жумуштан алуу сунушталганын билдирген.
38 жаштагы Тимур Данебаев Январь окуясынан кийин "20 миң террорист тууралуу жалган маалымат таратты деп" президент Токаевге каршы арыз жазууга аракет кылган. Июнда сот "Улут аралык кастыкты козутту" деп айыпталган активистти үч жылга эркинен ажыраткан.
Жергиликтүү укук коргоочулар Тимур Данебаевди "саясий туткундардын" тизмесине кошкон. Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий негиздер менен камалгандар жок экенин билдирип келет.