Ссылки доступа

Москвада сот тажикстандык блогерди камакка алуудан баш тартты


Москванын Симоновский соту тажикстандык блогер Салмон Жумабойду камакка алуудан баш тартты. Ага интернетте славян улутундагы кыздарды кемсинткени үчүн экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

Бул тууралуу Москванын жалпы юрисдикциядагы сотторунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими 9-январда жарыяланды. Сот Ражабзода Салмон Жумабойду камакка алуу боюнча тергөө органдарынын өтүнүчүн четке кагып, аны сот залынан бошоткон.

Тажикстандык блогерге “Жек көрүү же кастыкты козутуу, адамдык ар-намысты басмырлоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Блогер 7-январда кармалган.

"Осторожно, новости" жана Shot телеграм-каналдары кабарлагандай, декабрда соцтармактарда "жакында орус кыздардын баары биздики болот" жана "Наташа менен жыргагам" деген видеолор тараган. Блогер өзү бул видеодогу үн аныкы эмес экенин билдирген.

Жумабойго карата тергөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG