"Кумдун арасынан эки кесиптешибиздин сөөгү табылганын өкүнүч менен билдиребиз. Учурда аларды сыртка чыгаруу иши жүрүүдө. Тереңдикке түшүп кеткен автобустун өзү табыла элек, издөө иштери уланып жатат", – деп жазылган штабдын билдирүүсүндө.
4-январда Аскерлештирилген кесиптик куткаруу кызматынын республикалык штабына таандык автобус 150 метр тереңдиктеги чуңкурга түшүп кеткен. Куткаруучулардын айтымында, чакыруу менен Майкайын шахтасына бара жаткан автобуста айдоочусун кошкондо төрт киши болгон.
Издөө жана куткаруу иштерин кырсык болгон жердин айланасындагы кумдун урап кетүү коркунучу оорлотуп жатканы кабарланууда. Учурда аймак курчоого алынып, куткаруучулар ишин улантууда.