Курбоналиев быйыл октябрда Германияда жашоо эрежесин бузганы үчүн кармалган.
"Группа 24" билдиргендей, Курбоналиевди экстрадициялоо чечимин Германиянын Юстиция министрлиги 24-ноябрда кабыл алган. Адвокат Курбоналиевдин тажик бийлигине өткөрүлүп берилишин мыйзамсыз деп атап, бул чечим боюнча Германиянын жогорку баскычтагы сотторуна даттанарын билдирүүдө.
Тажикстандын бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий берген жок. Учурда Курбоналиевдин кайсыл жерде экени жана кандай шарттарда кармалып турганы белгисиз.
"Группа 24" кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиев Германияда качкын макамын алып, бул өлкөдө 2022-жылдан бери жашап келген. Ал быйыл күзүндө Эмомали Рахмондун Германияга сапарына каршы өткөн нааразылык акциянын катышуучуларынын бири болгон.
Буга чейин оппозициялык "Группа 24" кыймылы Курбоналиев тажик түрмөсүндө кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин билдирип, аны мекенине экстрадициялабоого чакырган.
Тажикстандын бийлиги 2022-жылы чет өлкөлөрдөн 100гө жакын кишини экстрадициялап, алардын көбү узак мөөнөттөргө соттолгон.
5-декабрда АКШ Сенатынын Эл аралык иштер комитетинин башчысы Бен Кардин тажик президенти Эмомали Рахмонду "тынч демонстранттар менен коомдук лидерлерге каршы репрессияларды, ошондой эле трансулуттук репрессиялардын бардык түрлөрүн токтотууга" чакырган.