Маалыматка караганда, күзөттө турган 20 жаштагы жоокерди башка жоокер атып алган. Окуя бүгүн, 20-ноябрда таңга маал болгон. Саламаттыкты сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов "Азаттыкка" Кара-Көл шаардык ооруканасына таңкы саат 6:15де чакыруу түшүп, дарыгерлер окуя болгон жерге барганда бир жаран каза болгону аныкталганын билдирди. Учурда маркумдун сөөгү шаардагы өлүкканада.
Ички иштер министрлиги бул окуянын чоо-жайы такталып жатканын кабарлады.
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат. Буга чейин 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жараат алып каза болгон.
21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган.