Ссылки доступа

Орусия Тажикстанга оппозициячыл активисттин бир тууганын өткөрүп берди


Аслиддин Шарифов
Аслиддин Шарифов

Орусия тажик оппозициясына караштуу "Паём ТВ" телеканалынын директору Шавкат Мухаммадинин бир тууганы Аслиддин Шарифовду Тажикстанга өткөрүп берди.

2022-жылы сентябрда Орусиянын Свердлов облусунда кармалган Шарифов Тажикстандын укук коргоо органдарына быйыл 1-октябрда өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна активисттин жакындары билдиришти.

Тажикстандын бийлиги Шарифовдун экстрадицияланганы боюнча эч кандай маалымат берген жок. Учурда анын кайсыл жерде экени белгисиз болууда.

Жакындарынын айтымында, Аслиддин Шарифов Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы жана "Ислам кайра жаралуу" партиясы менен кызматташууга айыпталууда. Эгер ал бул айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Нижний Тагил шаарындагы Тагилстроев райондук прокуратурасынын билдирүүсүндө Аслиддин Шарифов 2021-жылдан бери федералдык издөөдө жүргөнү жазылган. Ага ылайык, Тажикстандын жараны "Фейсбуктагы" баракчасына "Группа 24" менен "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу" партиясын жактаган билдирүүлөрдү жазып келген. Орусиянын Жогорку соту былтыр сентябрда "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу" партиясын террористтик уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

"Ооба, башка жарандар сыяктуу эле Аслиддиндин да "Фейсбукта" баракчасы бар болчу жана ал жерге өз ойлорун жазып турчу. Анын кармалып, Тажикстанга өткөрүлүп берилишин – тажик бийлигинин үнүмдү басуу аракети деп эсептейм", – деди Аслиддиндин бир тууганы, "Паём ТВнын" директору Шавкат Мухаммади.

2022-жылы Душанбенин өтүнүчү менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн Тажикстанга 100гө жакын киши экстрадицияланган. Алардын көбү мекенинде терроризм жана экстремизм айыптары менен узак мөөнөттөргө соттолду.

36 жаштагы Аслиддин Шарифовдун үч баласы бар. Жакындарынын айтымында, ал 2016-жылдан бери Орусияда иштеп, жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG