Кыймылдын сунушунда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги кыйноолор боюнча акыркы окуялар тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берип, системадагы кыйноону токтотуу боюнча конкреттүү планын жарыялашы керектиги белгиленген. Ошондой эле мекемеге ар бир кыйноо фактысы боюнча коомчулукка өз учурунда маалымат берип туруу тажрыйбасын киргизүү сунушталган.
"Шектүү катары кармалган адамдан укуктары жөнүндө маалымат берилгени тууралуу милдеттүү түрдө тилкат алуу эрежеси киргизилиши керек. Мындан тышкары жарандардын кайсыл жерде кармалып турганы көрсөтүлгөн онлайн-база түзүү жана анын кызыктар тараптарга, жакындарына, досторуна жана коомдук уюмдарга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу зарыл", - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.
Ошондой эле анда коомчулук өкүлдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларга кирүүсүн уюштуруу боюнча туруктуу механизмдерди иштеп чыгуу, укук коргоо органдарына кызматкерлерди даярдоо жана тандоо системаларын кайрадан карап чыгуу, шектүүлөрдү камакка алуу боюнча ыйгарым укуктары бар ар бир мамлекеттик органда көзөмөлдөөчү коомдук кеңештерди түзүү өңдүү сунуштар жазылган.
Азырынча ИИМ же башка мамлекеттик орган бул билдирүү боюнча комментарий бере элек .
5-июнда Ташкент облусунун Бука райондук ички иштер бөлүмүндөгү кыйноолордон улам шектүү адам өлгөнү белгилүү болуп, бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анда окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери кармалып, жетекчилиги кызматтан алынганы кабарланган.