Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кандай маселелерди талкуулай турганы кабарлана элек.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кеңири маалымат жолугушуудан кийин берилерин айтты.
2-июнда Чолпон-Ата шаарында "Европа Биримдиги – Борбор Азия" саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.
"Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи жолу өтүп жатат. Биринчиси былтыр, 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.