Ссылки доступа

Өзбекстан Казакстан аркылуу орус газын алып өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Казакстандын аймагы аркылуу орус газын Өзбекстанга алып өтүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдирди.

"Бул маселе талкууланып жатат. Сүйлөшүүлөр өтө конструктивдүү өтүүдө", – деди министр.

2022-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан катышкан "үч тараптуу газ биримдигин" түзүүнү сунуштаган.

Ошол эле жылы 7-декабрда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов Ташкент "эч качан газдын ордуна саясий шарттарга барбай турганын" билдирген.

"Биздеги суроо-талапты жабуу, ички керектөөнү камсыздоо жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандайдыр бир альянс же союз аркылуу эмес, коңшу өлкөлөрдөн газды же электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз өзүбүздүн энерго түйүндөрдү берүү аркылуу эмес, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен коммерциялык келишимдин, алып-сатуунун негизинде сүйлөшүү өткөрүп жатабыз", - деген министр.

2023-жылы апрелде Самарканд шаарына барган Орусиянын тышкы иштер миинстри Сергей Лавров үч тараптуу газ биримдиги боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айткан.

Буга чейин "Озодлик" радиосу акыркы күз-кыш мезгилинде Өзбекстанда болгон энергетикалык каатчылык тууралуу көптөгөн репортаждарды даярдап, өзбек газы офшор компаниялар аркылуу чет өлкөлөргө "өтө арзан баада" сатылып жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG