Ссылки доступа

Хоженттин тургуну тергөөчүнү пара талап кылууга жана зордуктоого айыптады


Шахло Давлатова
Шахло Давлатова

Хожент шаарынын тургуну Шахло Давлатова жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Дилмурод Шодизоданы 30 миң доллар пара талап кылууга жана зордуктоого айыптоодо.

Давлатованын айтымында, былтыр жылдын аягында ал "мыйзамсыз валюталык операцияга" байланыштуу төрт жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот өкүмүндө анын кичинекей баласы бар болгондуктан, төрт жылдан кийин гана жазага тартылары жазылган.

Шахло Давлатова курулуш компанияларынан жарым-жартылай даяр болгон батирлерди сатып алып, ремонт кылгандан кийин кайра сатуу менен алектенчү. Ал сатуу жана сатып алуу операцияларын улуттук валютада гана ишке ашырып келгенин билдирүүдө. Давлатова 2022-жылы ноябрдын аягында жергиликтүү тургундардын бири 9 800 долларлык карызын кайтарып берип жатканда кармалганы айтылган.

"Шодизода бул иш боюнча тергөөнү токтотууну убалалап, 30 миң доллар пара талап кылган. Бирок мен досторуман, тааныштарыман сурап ал сумманы таба алган жокмун. Тергөөчүгө эки бөлмөлүү батиримди сунуштадым. Бирок ал батир түрүндөгү пара жөнүндө тез эле белгилүү болуп каларын айтып, накталай акча талап кылуусун улантты. Бир жолу ал мени иш бөлмөсүндө зордуктаган", – деди Давлатова.

Ал тергөөчүнүн бул аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен бир катар мамлекеттик органдарга, анын ичинде президенттик аппаратка кат жазганын кошумчалады.

Өз кезегинде тергөөчү Дилмурод Шодизода пара алуу жана зордуктоо айыптарын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG