“Эгер Астанада кесиптештерибизди бошотушпаса, Жаңы-Өзөндү толук көтөрөбүз!”, - деди чогулгандардын бири.
Жаңы-Өзөндөгү “БЖБ” компаниясынын жумушчулары нааразылык иретинде бир саатка жумушун токтотушту. Бул арада “Кезби” компаниясынын жумушчулары да Астанада кармалган мунайчыларды бошотууну талап кылышты. Талап аткарылбаса, жумуштарын токтото турганын айтышты.
11-апрелде полиция Астандагы Энергетика министрлигинин алдында бир сутка турган Маңгыстау облусунун жумушчуларын күч менен кармап кеткен.
Ушул тапта 20дай мунайчы Астананын Алматы райондук полиция бөлүмүндө кармалып турат.
10-апрелде "БерАли Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери Астанага поезд менен келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Аталган компания тендерден утпай калганына байланыштуу алар иштен кыскартылган. Мунайчылар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү алар менен эч ким жолуккан эмес. Жумушчулар сыртта түнөп калган.
11-апрелде мунайчылар "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен кездешип, бирок бир пикирге келишкен эмес.
Маалыматка караганда, жумушчуларга башка жалданма компаниялардан иш сунушталган. Бирок алар бул иш убактылуу экенин, себеби ал компаниялар тогуз айлык гана тендер утуп алышканын айтышып, баш тартышкан. Мунайчылар туруктуу жана маянасы жогору иш талап кылышууда.