7-апрелге караган түнү чогулгандар шаардык акимчиликтин имаратынын алдына түнөштү.
"Биздин бир гана талабыбыз бар – жумуш. Бизге жумуш берилмейинче кетпейбиз. Маселе чечилбесе бул жердегилер ачкачылык жарыялоого даярбыз", – деди акция катышуучуларынын бири.
Бул акция менен катар Жаңы-Өзөн шаарында "Озенмунайгаз" ишканасына кызмат көрсөткөн "Берали Мангистау Company" компаниясынын жүздөн ашык жумушчусунун иш таштоосу да уланууда. Алар жумушчуларды "Озенмунайгаздын" өзүнө же анын түзүмдүк бөлүктөрүнө ишке орноштурууну талап кылып жатышат.
2021-жылы "Озенмунайгаздын" скважиналарын оңдоо менен алектенген "Кезби" компаниясынын жумушчулары айлыктарды көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен бир нече жолу иш таштаган. 2022-жылы май айында 20дан ашык жумушчу Астанага барып, эки күн Эмгек министрлигинин жана "КазМунайГаз" компаниясынын алдында түнөшкөн.