Ссылки доступа

АКШнын Мамлекеттик департаменти: Түркмөнстанда аялдар басмырланып, интернет чектелүүдө


Улуттук кийимчен түркмөн кыздары
Улуттук кийимчен түркмөн кыздары

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады.

Анын Түркмөнстанга арналган бөлүгүндө бул өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абал өтө оор экени белгиленген.

Түркмөнстанда 2022-жылы тынчсызданууну жараткан маселелердин катарында аялдарды басмырлоо, сөз эркиндигинин олуттуу чектелиши, журналисттерге карата коркутуулар, абактардагы кыйноолор, интернет ылдамдыгынын өтө жай экени, анын чектелиши, социалдык түйүндөрдүн бөгөттөлүшү, ошондой эле "адам укуктарынын бузулушун шарттаган" бардык тармактардагы жемкорлук бар.

Баяндамада бүгүнкү күндө түркмөн абактарында бери дегенде эле 12 саясий туткун отурганы, алардын ичинде активисттер менен журналисттер бар экени жазылган.

Баяндаманын авторлору түркмөн бийлиги аялдардын кийимине талапты катаалдатып, алардын айдоочулук күбөлүк алуусуна дээрлик тыюу салганын да белгилешкен. Мындан тышкары алар өлкөнүн ичиндеги да, сыртындагы да жарандык активисттерди куугунтуктап жатканы үчүн түркмөн бийлигин сынга алышкан.

Мамлекеттик департамент кезектеги жолу түркмөн жарандарынын өлкөнүн саясий жашоосуна катышуусу чектелгенин, алар өкмөттү эркин жана таза шайлоо аркылуу тынчтык жол менен алмаштыра албай турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG