Буга чейин АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) банкты санкциялык тизмеден чыгаруу тууралуу Конгресске өтүнүч жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Өткөн жылы сентябрда "Байтерек" холдинги "Сбербанктын" Казакстандагы мурдагы туундуу компаниясын сакциялык тизмеден чыгаруу тууралуу АКШнын Каржы министрлигине өтүнүч кат жазган. Жыйынтыгында мекеме ортодогу келишим жокко чыгарылгандан кийин компания "Сбербанк" тарабынан көзөмөлдөнбөй, санкциянын критерийлерине жооп бербей калганын билдирди.
АКШнын Каржы министрлиги кабарлагандай, Bereke Bank санкция салынган тараптар менен иштешпөөнү жана зарыл болсо Конгресске жашыруун маалыматтарды берип турууну убадалады.
Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин "Сбербанктын туундуу банкы" акционердик коому деп аталган ишкана "Сбербанктын" чет өлкөлүк туундуу компаниясы катары АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. Сентябрда Казакстандын "Байтерек" улуттук башкаруу холдинги "Сбербанктын туундуу банкы" акционердик коомунун акцияларын толугу менен сатып алган.
Июнь айында "Сбербанк Казакстандын" депозиттеринде жеке жана юридикалык жактардын 350 миллиард теңгеге жакын акчасы сакталып турганы кабарланган.
2022-жылдын май айында Казакстандын "ЦентрКредит банкы" орусиялык "Альфа-Банктын" казакстандык туундуу ишканасынын 100% акциясын сатып алып, анын аталышын Eco Center Bank деп өзгөрткөн. Июлда бул банк АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын бардык талаптарын аткаргандан кийин санкциялык тизмеден чыгарылган.