Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
"Озоди" радиосу 23-февралда таңга маал Дүйшөмбүдө жер 20-25 секунддай титирегенин, ал башка аймактарда дагы сезилгенин жазды. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган эмес. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Сарезде абал тынч экенин билдирген.
Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.