Ссылки доступа

Казакстанда окуучуларга кол салган өспүрүм эки айга камакка алынды


15-февралда Петропавл шаарынын тергөө соту окуучуларга балта жана бычак менен кол салган өспүрүмдүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Петропавл полициясы 9-класстын окуучусуна карата киши өлтүрүүгө аракет жасоо айыбы менен кылмыш ишин козгоду.

Бул иш боюнча калган маалымат тергөө жүрүп жатканына байланыштуу жарыяланбай турганы белгиленди.

13-февралда Казакстандын Петропавл шаарында 9-класстын окуучусу өзү окуган №4 орто мектепке балта жана бычак алып барып, үч курдашын жарадар кылган. Өспүрүм психиатрдын каттоосунда турган.

Күбөлөрдүн айтымында, 9-класстын окуучусу алгач экинчи кабаттагы ажаатканага кирип, беткап кийген соң далисте бараткан 9-10-класстарда окуган эки бала менен бир кызга кол салган. Аны жогорку класстын окуучулары менен мугалимдер кармап калышкан.

Бул окуядан кийин Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов билим берүү мекемелериндеги видеокамералардын санын көбөйтүүгө жана мектептердин кире беришинде көзөмөлдү күчөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG