Аукциондо объектинин баштапкы баасы 12 млн долларды же 125 миллион 265 миң 630 сомонини түзгөн.
"Точиксодиротбанктын" башкы кеңесеси былтыр май айында сатыкка чыгарылган. Жарыяда анын аянты 22 миң чарчы метрден ашык экени белгиленген.
2021-жылы 21-майда Тажикстандын улуттук банкы каатчылыкка кептелген эки банкты – "Точиксодиротбанк" менен "Агроинвестбанкты" жойгон.
"Агроинвестбанктын" аманатчыларынын жалпы саны 27,7 миң, "Точиксодиротбанктыкы" 5,5 миң кишини түзөт. Бүгүнкү күнгө карата камсыздандыруу фонду жеке жактарга 30 миң сомониден төлөп берүүдө. Банк депозиттерин чет өлкөлүк валюта менен сактагандар 21 миң сомониден алып жатышат. Калган акча жоюлган банктардын мүлктөрүн сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жабылары айтылган.
2022-жылы "Точиксодиротбанк" менен "Агроинвестбанктын" сегиз объектиси 20 миллион сомониге сатылган.