Бул тууралуу РБК басылмасы Euromonitor International иликтөө компаниясынын баяндамасына шилтеме кылып кабарлады.
Евростаттын маалыматына караганда, санкция киргизилгенден кийин – 2022-жылдын март айынан ноябрь айына чейин экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 47% азайган. Ошол эле маалда европалык товарлар Орусияга жакын жайгашкан Беларус, Армения, Казакстан, Грузия, Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу ташылып, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 48% көбөйгөн.
Euromonitor белгилегендей, ЕБден постсоветтик өлкөлөргө экспорттолгон товарлардын 95% антиорусиялык санкцияга киргизилген товарлар.
Euromonitor International компаниясынын эксперти Вайдотас Землис-Балевичус постсоветтик өлкөлөргө жөнөтүлгөн товарлардын көбү орус рыногуна кетип жатканын белгилейт. Коңшулар Орусияга санкцияны айланып өтүүгө жардам берүүдө. Муну менен Euromonitor International Евробиримдиктин санкциялары өз максатына жетпей жатат деген бүтүмгө келген.
Мурдагы СССР өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүн арттыргандардын башында Кипр, Грекия, Люксембург, Эстония, Литва, Чехия жана Румыния турат. Бул өлкөлөр жогоруда айтылган мөөнөт аралыгында товар жеткирүүнү 100дөн 550% көбөйткөн.
Euromonitor International үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга айына 700 миллион евролук товарлар жеткирилип жатканын белгилейт. Бирок бул 2021-жылга караганда кадыресе аз. Ал маалда ЕБ Орусияга айына 2,7-2,8 миллиард евролук товар жеткирип турган.