Маалыматка караганда, Рашт районунун төрагасы Рахимжон Набизода менен акимчиликтин аппарат башчысы Холмухаммад Ортиков мыйзамсыз жер тилкесин берүүгө жана пара алууга шектелүүдө.
"Аткаминерлер 22-январда өз иш бөлмөлөрүндө пара алып жатканда күбөлөрдүн көзүнчө кармалды. Алар ишкерлерге курулуш үчүн район борборунан мыйзамсыз жер берип, бул үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө пара алышкан", – деп билдирди булак.
Тажикстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги баштаган мамлекеттик түзүмдөрү Рашт районунун башчысы кармалганын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Ал ортодо "Озоди" радиосунун дагы бир булагы Рахимжон Набизода бошотулганын, анткени ал парламенттин жогорку палатасынын депутаты катары кол тийбестикке ээ экенин билдирди. Акимчиликтин аппарат башчысы Холмухаммад Ортиковго "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганы кабарланды.