Билдирүүдө кеңсени ачуунун максаты долбоордун ишке ашуусун тездетүү экени белгиленген.
"Темир жолду куруу долбоорунун техникалык, экономикалык негиздемеси быйыл 1-июнга чейин даярдалат. Тараптар азыркы учурда долбоорду башкаруу тартиби, эл аралык финансы уюмдарынан каражат тартып келүүнүн үстүндө иштеп жатат", - деп билдирет "Өзбекстан темир жолдору" ишканасы.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бул үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.
Темир жол куруу менен катар Борбор Азиядагы мамлекеттердин инфратүзүмүн жакшыртуу да каралган.
2022-жылы ноябрь айында Кытайдын илим изилдөө институту тарабынан темир жол курулушунун алгачкы талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.
Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш.
Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган.