11-январда казак өкмөтү мындай автомобилдерди каттоонун шарттарын камтыган эрежелерди бекиткен. Эреже 23-январдан баштап иштей баштайт.
«Бул күндөн баштап биз чет элдик автоунааларды легалдаштыра баштайбыз», —деди ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха.
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-сентябрына чейин өлкөгө кирген; издөөгө алынбаган; башка мамлекеттеги баштапкы каттоосунан алынган; бажы текшерүүсүнөн өткөн автоунаалар легалдаштырылат. Мындай унаалардан 200 миң теңгеден төлөм чогултулат жана утилизациялык алымдан бошотулат.
ИИМдин маалыматына караганда эреже 2023-жылдын 1-июлуна чейин күчүндө болот.
Машиненин жашына жана экологиялык классына талап коюлбайт.