"7,9 миллион адам өлкөсүн таштап кетти, 5,9 миллиону Украина ичинде ары-бери көчүп жүрөт", - деди БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Катарина Лумп.
Жалпы украиналык качкындардын саны 14 миллионго жети. Бул 41 миллион калкы бар Украинанын үчтөн бири. Германия – АКШдан кийин эле украин бозгундарына эң көп жардам берген өлкө, 500 млн доллар бөлгөн.
Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинде Польшада украин качкындары көп. 3-январга карата бул мамлекетте 1 553 707 украин жараны катталган.
Былтыр июль айында БУУнун качкындар иши боюнча агенттиги Украинадан 9 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин маалымдаган.