“Бул жолу экинчи катардагы терезелер сынган”, - деп айтылат билдирүүдө. Видео Elmediа telegram-каналында жарыяланды.
20-ноябрга караган түнү – президенттик шайлоо болор алдында белгисиз кишилер тышкы каалганын айнектерин талкалап кетишкен.
Октябрдын ортосунда буга окшош эки окуя болгон. Анда имараттын кире беришине: “Elmedia. Kz News” деп жазып кетишкен. Редакция муну кызматкерлерди коркутууга багытталган чабуул катары баалаган.
Редакция полиция эч кандай жыйынтыгык чыгарбай жатканын белгилейт белгилейт.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Сөз эркиндигинин индексинде" Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын оор деп баалайт.