Ссылки доступа

Тажикстанда динаятчы Мухаммади Рахматулло кайра кармалды


Мухаммади Рахматулло (2007-жылдагы сүрөт)
Мухаммади Рахматулло (2007-жылдагы сүрөт)

Тажикстанда 2000-жылдары өлкөдө тыюу салынган “Салафия” агымынын лидерлеринин бири болгон Мухаммади Рахматулло кармалды.

Маалыматка караганда, Мухаммади Рахматулло былтыр түрмөдөн мунапыс менен бошотулган. Жакындары дин кызматкери эмне себептен кайра кармалганын билишпейт. Бийлик бул боюнча комментарий бере элек.

Динаятчынын иниси Юсуф Мухаррамовдун билдиришинче, Мухаммади 2-ноябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Анын айтымында, бир нече убакыт өткөндөн кийин УКМКнын кызматкери анын уулу менен байланышып, атасы кармалганын кабарлашкан.

“Мага агамды диний темада сүйлөгөн кайсы бир сөзү же насыяты үчүн кармашканы гана белгилүү. Башка эч нерсе билбейм”, - деди Юсуф Мухаррамов.

2016-жылы Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту салафиттердин лидери Мухаммади Рахматуллону сот 8 жылга эркинен ажыраткан. Ал “Экстремисттик уюмду түзүү” беренеси боюнча күнөлүү деп табылган. Былтыр жайында мунапыс менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG