"Казакстандын маданиятына, спортуна жана башка социалдык тармактарына чоң салым кошкон Кайрат Боранбаевдин иши калыс жана ачык тергелишин өтүнөбүз", — деп жазылган борбордун сайтына жарыяланган катта.
Анын авторлору Казакстанда заманбап маданият менен искусствону өнүктүрүү багытында иш алып барган "Целинный" борборун Кайрат Боранбаев негиздегенин, ал искусство жана илим ишмерлеринин башын бириктирип турарын белгилешкен.
15-мартта жергиликтүү басылмалар Кайрат Боранбаев кармалып, тергөө абагына камалганын кабарлашкан. Азырынча бул маалыматты расмий бийлик органдары ырастай элек. Каржы көзөмөлү боюнча агенттик Боранбаевдин кармалганы боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. 17-мартта мекеме өкүлү "расмий маалыматты күтүп жатышканын" айтты.
Казакстандык ишкер Кайрат Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Дарига Назарбаеванын уулу Айсултан 2020-жылы августта Лондондо каза болгон.
"Forbes" журналы Боранбаевдин байлыгын 519 миллион долларга баалаган. Ал Казакстандагы бир нече фармацевтикалык компаниядан тышкары фитнес, соода жана көңүл ачуу борборуна, ошондой эле McDonald's франчайзингине ээлик кылат.
Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. 13-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана "Казактелеком" ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.