Ссылки доступа

Нуриддин Холикназаров Өзбекстандын муфтийи болуп шайланды


Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтийи болуп Нуриддин Холикназаров шайланды. Ал бул кызматка өлкөнүн Уламалар кеңешинин шейшемби күнкү кеңейтилген жыйынында тандалды.

53 жаштагы Нуриддин Холикназаров 2019-жылдын август айынан бери Ташкенттин башкы имам-хатиби болуп иштеп келген. 1992-жылы Бухарадагы "Мир-и Араб" медресесин, 1998-жылы Имам Бухари атындагы ислам институтун, 2007-жылы Фергана мамлекеттик университетин аяктаган.

Түрдүү жылдары Асакадагы "Ахмадали Мухмуд" жана Юнусабад районундагы "Ок тепа" мечиттеринин имам-хатиби, Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын Анжиян облусундагы өкүлү жана Анжиян облусунун башкы имам-хатиби кызматтарында иштеген.

Өзбекстандын мурдагы муфтийи Усманхан Алимов быйыл 15-августта 72 жаш курагында каза болгон.

XS
SM
MD
LG