Мекеменин маалыматына караганда, жаңжал маалында багуучусун жоготкон тогуз үй-бүлөгө жалпысынан 8,2 миллиондон ашык теңге (азыркы курс боюнча 18,4 миң доллар) өлчөмүндө жардам берүү каралган.
«Кордой окуялары маалында жалпысынан 40 үй, 20 коммерциялык объект жана беш чарба курулушу өрттөлгөн. Үйлөрү зыяна учураган 39 үй-бүлөгө облустук резервден 20,6 миллион теңге (азыркы курс боюнча 46,3 миң доллар) бөлүнгөн. Мындан тышкары жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн ачылган кайрымдуулук фондго 22,5 миллион теңге чогулду», — деп билдирди акимчилик өкүлү.
Анын айтымында, жаңжал маалында автоунаалары өрттөлгөн адамдарга компенсация төлөп берүү маселеси кылмыш иштери тергелип бүткөндөн кийин белгилүү болот.
8-февралга караган түнү Кордой районунун Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында жергиликтүү казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыгып, 11 адам каза болгон. Дагы ондогон киши жаракат алган. Бул окуядан кийин 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Кийинчерээк алардын көбү кайра кетишкен.
Казак бийлиги бул окуялардын алкагында 120 иш боюнча тергөө башталганын билдирген. Алардын арасында «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон 11 кылмыш иши бар. Азырынча бул иштердин алкагында канча киши кармалганы белгисиз.