“Настоящее Время” кабарчылары жүргүзгөн сурамжылоого караганда, бул китепти Тажикстанда салкын кабыл алышты. Жарандар кийим кийүү боюнча кимдир бирөө көрсөтмө бере албайт, өлкөдө кыска юбкадан башка дагы маанилүү иштер бар деп эсептешет. Үч жүз нуска менен басылган китепти эч ким окуган эмес, аны кайдан табууну да билишпейт. Анын үстүнө он эки долларга эч ким деле сатып алчудай эмес.
"Кийим кийүү боюнча сунуштар" китеби 365 беттен турат. Анда негизинен 17 жаштан жогорку курактагы бардык аялдар үчүн майрам, кадресе күндөр, театр же конок, үлпөт, окуу жана жумуш үчүн кийиле турган кийимдер боюнча сунуштар берилген.
Бирок кара жоолук салынууга же хиджап кийүүгө, ийинди жана көкүрөктү ачкан кийимдерге, тор көйнөктөргө тыюу салынган.
Былтыр Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларына кыска жана чытырайган юбка кийүүгө тыюу салууну сунуш кылган.