«Эгер жыйынтыгы ийгиликтүү болоруна ишеним болсо, анда Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү Антарктидада деле өткөрсө болот», - деди Макей. Ал башкалардан айырмаланып, Беларус тынчтык орнотуучу деген атак-даңкка умтулбай турганын айтты.
Ал ортодо Кремль 2015-жылы жетишилген Минск келишимдерин сактоо — Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтчү жерди алмаштырууга караганда кыйла маанилүү экенин билдирди.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жумада АКШга жасаган сапарынын жүрүшүндө Украина боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин айтып, сүйлөшүүлөр үчүн жаңы аянтча катары өз өлкөсүн сунуштаган. Казак лидери АКШ президенти менен жолугушуусунда Украина маселеси талкууланып, Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдү башка жерге которуу тууралуу айтканын билдирген.
Минскте Украинадагы абалды жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн бир канча айлампасы өткөн. 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен Орусия тараптан колдоого алынып жаткан жикчилдер ортосундагы куралдуу кагылышуулардан улам Украинада жалпысынан 10 миңден ашык киши мерт болду.