Назарбаев Кыргызстан тууралуу жаман сөз айтпаганын жана Кыргызстанга зыян келтире турган иш-аракетке барбаганын билдирди.
Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда солгундап, казак тарап дээрлик эки ай бою чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн. Ага Атамбаевдин Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусун айыптап, анын дарегине кескин сын айтканы себеп болгон. Ошондон улам жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болгон.
Чек арадагы абал Жээнбеков менен Назарбаев Минскте ЖККУнун саммитинде жолугушкандан кийин жөнгө салынган.
Алмазбек Атамбаев: Жаш президент кимге керек - бизгеби же Казакстангабы? (видео 2017-жылы 8-октябрда жарыяланган):