Маалыматка караганда, кармалган адам украин өкмөтүндө катчылык кызматкер болуп иштеген.
Мекемеден кармалган аткаминердин аты-жөнүн аташкан жок. Бирок ал узакка козулган иш сапарларынын биринде тыңчылыкка тартылып, Украина өкмөттүк түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу «инсайдерлик маалыматтарды» топтоп жүргөнүн белгилешти.
"Кармалган адам орусиялык атайын кызматка өтө жоопкерчиликтүүлүк, чыгармачылык жана чебердик менен иштеген", – деп билдирди Украинанын коопсуздук кызматынын Контрчалгын департаментинин башчысы Алексей Петров.