Дүйшөмбүдө Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер АКШ өзүнүн жана союздаштарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык зарыл кадамдарга бара турганын билдирди.
Жекшембиде америкалык F-18 согуштук учагы Сириянын бомбалоочу Су-22 учагын атып түшүргөн. Ал сирия оппозициясынын позицияларын бутага алып, Ракка шаарынан алыс эмес аймактагы ИМ тобуна каршы операцияларды өткөрүп жатканы кабарланган.
АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, учак эскертүүлөргө көңүл бурбай койгондон кийин атылып түшүрүлгөн. Пентагондун билдирүүсү боюнча АКШ учактары ИМ тобуна каршы сокку уруп жаткан америкалык экипаждардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдонулат.