Мамлекет башчы 16-июнда кол койгон жарлык менен бирге укук коргоо органдарынын жетекчилерине ырайым кылынган адамдарды тез арада үйлөрүнө жеткирүүнү тапшырды.
«Президент ошондой эле үйүнө кайткан адамдар ак эмгеги менен күнөөлөрүн жууп, өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышуусу үчүн облус жана шаар башчыларына аларды жумушка орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Байкоочулардын айтымдарында, абактан чыккан адамдар жумушка орношууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болушуп, полиция жана жергиликтүү бийлик тарабынан кысымдарга кабылышат.
«Prison policy initiative» уюмунун отчетуна ылайык, киши башына карата абактагылардын саны боюнча Түркмөнстан дүйнөнүн 170 өлкөсүнүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат.