БУУнун маалыматы боюнча, согушкерлер шаарга кол салган 3-октябрдан бери калаадан 33 миң киши чыгып кеткен.
Согуштук аракеттерден улам стратегиялык маанидеги ал шаардын жашоочулары суу, азык-түлүк, дары-дармек жана электр жарыгысыз калуу коркунучунда турушат. Ооганстандын Качкындар иши боюнча министрлиги Кундуздан качкан адамдардын санын 100 миң деп баалоодо.