Америка жана швед прокурорлорунун пикиринде, компания Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүү үчүн жүздөгөн миллион доллар каражатты Гүлнара Каримовага пара иретинде берген.
«Мен буга чейин да бир нече жолу Telia Өзбекстан базарына этикасыз жана туура эмес жол менен киргенин айткам. Биз бул үчүн жоопкерчиликти толугу менен моюнга алууга даярбыз», —деди Telia компаниясынын төрагасы Мари Эрлинг бейшембиде.
Швед-фин биргелешкен коммуникациялык гигант евразиялык жети өлкөнү, анын ичинде Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Грузия, Молдова жана Тажикстан базарларынын чыгып кетүүнү пландаган. Буга чейин Telia ички иликтөө жүргүзүп, компания этикага жатпаган иштерди жасаганын, бирок эч кандай мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирген.