Тартип сакчылары 2016-жылдын 13-майында Д.А. аттуу жаш кызды зордукташкан. Ал аталган райондун “Юлдуз” кесиптик колледжинин 2-курсунун студенти болуп чыккан. Айыпталып жаткан кызматкерлер камакта.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булактары кабарлагандай, айыпталуучулардын экөө – милиция офицери, дагы бири – катардагы тартип сакчы.
– Адатта өзбектерде зордукталган кыз зөөкүргө турмушка чыгат. Мындай учурлар көп эле болуп келген. Тилекке каршы, бул жолу кызга топтошуп алып кыянаттык кылышкан экен. Ошон үчүн аларды кылмыш жообуна тартуудан башка арга жок. Бул кылмыш үчүн райондук гана эмес, облустук милициянын да жетекчилери жазага тартылат, - дейт ал.
Шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, 7 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.
Мындай окуя Өзбекстанда биринчи ирет болуп жаткан жери жок. Былтыркы жылдын августунда Каракалпакстандын Шуманай районунун милиция кызматкери да кыз зордуктоого барган. Ал жанын кыям деп ачык суу (уксус) ичип алган. Бактыга жараша, жергиликтүү дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап калышкан.