Ушул жылы Оксана 41 жашка толот. Ал Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң улуу гимнаст болуп калмакчы.
Спорттогу кесиптештери аны тамашалап, “чоң эне” деп коюшат. Гимнаст аны түшүнүү менен кабыл алат. Бирок спорт секисинде кары-жашына карбай, баары бирдей деген көз карашта.
Гимнаст Өзбекстанда төрөлгөн. Бир нече жыл Германиянын курама командасында оюн көрсөткөн. Бул жолу Рио-де-Жанейродо өтө турчу Олимпиадада ал Өзбекстандын туусу алдында чыгат.