Бул тууралуу Элдана өзү кабарлады. Анын күйөрмандары 500 миңге жеткен болчу.
Сатыбалдиеванын @eldana_foureyes деген никтеги аккаунтуна 6-январга караган түнү белгисиз хакерлер чабуул жасап, 742 видеонун баарын өчүрүп салган жана никтин аталышын да өзгөртүп коюшкан.
Элдананын 15 секунддук күлкүлүү видеолору Кыргызстанда эле эмес, чет элдиктер арасында да популярдуу болчу.